Лавров: Россия АКШга Канттагы аскер базасын бирге пайдаланууну сунуштаган эмес

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Россия АКШга Афганистандагы абалды көзөмөлдөө үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы аскер базаларын бирге пайдаланууну сунуштаган эмес. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин  «Интерфакс» басылмасы жазып чыкты.

Анын айтымында, Москва региондогу аскер базалары аркылуу алынган маалыматтар менен бөлүшүүгө даяр.

«Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык күчүнүн бир бөлүгү болгон базаларга америкалыктарды кантип чакырабыз? Биз ЖККУнун аскер күчүнүн бир бөлүгү болгон базаларга союздаштарыбыздын макулдугу жок эч кимди чакыра албайбыз», — деди Лавров.

Эске салсак, буга чейин «Коммерсант» гезити Москва Вашингтонго Афганистандагы абалды көзөмөлдөө үчүн Тажикстан менен Кыргызстандагы аскер базаларын чогуу колдонууну сунуштаганын жазган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.