Каныбек Иманалиев: Бул мыйзам долбоордо президент даярдаган өкмөт президентке гана отчёт берет экен

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамдын долбоору каралып жатат. Депутат Каныбек Иманалиев жаңы мыйзам долбоорунда парламентаризм чектелип жатканы тууралуу айтты.

«Бүгүнкү мыйзам долбоорлору мамлекеттик түзүлүшкө түздөн-түз таасири бар мыйзам долбоорлору. Азыр ар кыл маселелерде 95% баарыңыздар өкмөткө тапшырма бересиздер. Бүгүнкү мыйзамды кабыл алсаңыздар, өкмөт аны таптакыр аткарбайт. Ошого мыйзамдуу жол ачып беребиз», — деди К.Иманалиев.

Депутат аталган мыйзамдын 3-беренессине ылайык, Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн президент көзөмөлдөй турганын кошумчалады.

«Жогорку Кеңеш деген сөз жок. Ушуну кабыл алсаңыздар, мындан кийин «разный» маселеде сүйлөп кереги жок. Бул мамлекеттик түзүлүштү алсырата турган… Президент дайындаган өкмөт президентке гана отчет берет экен. Акыркы 30 жылда андай болгон эмес. Эгерде өкмөт Жогорку Кеңешке отчет бербесе, анда парламенттин кереги жок. Эгерде ушул бойдон кала турган болсо, аны талкуулап да кереги жок. Бул түздөн-түз парламентаризмди талкуулай турган статья. Муну ким даярдап келди, суроолорум бар.

Ошондон баштайлы. Эгерде ушуну колдоп берсеңер талкуулайлы, колдоп бербесек анда парламентаризм жөнүндө сөз кылуунун кереги жок», — деди депутат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.