Күйүүчү май дагы 6-10 пайызга кымбаттайт

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзу Кыргызстанда күйүүчү май дагы 6-10 пайызга кымбатташы күтүлүп жатканы боюнча билдирди. «Июнь-июль айларында россиялык заводдордо бензиндин тоннасы 70 долларга, дизель майыныкы 60 долларга кымбаттады. Бул күйүүчү майлардын бир литринин үстүнө 5,5 жана 4,2 сомдон кошулат дегенди түшүндүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, быйылкы жылдын январь-июль айларынын ортосунда бензиндин дүң баасы орто эсеп менен 25 сомго (чекене баасы 16,6 сомго), дизель майыныкы 18 сомго (чекене баасы 12,8 сомго) өскөн. Дүң баанын өсүшүнүн негизги себептери:нефтинин кымбатташы, нефтинин тартыштыгы, күйүүчү майга суроо-талаптын күчөшү.

Нефтетрейдерлер республикадагы оор социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен баа саясатын турукташтырууга аракет кылып жатканын айтууда. Ал үчүн май куюу жайларында баанын чукул көтөрүлүп кетиши ооздукталууда. Мындан улам компаниялардын кирешеси жыл башынан бери 1-2 гана пайыздан ашпай келгени кошумчаланды. Жогорудагы себептерди эске алуу менен июль жана август айларында күйүүчү май дагы 6-10 пайызга кымбатташы күтүлүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.