Экс-депутат Исхак Пирматов камактан бошотулду

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исхак Пирматовдун («Бир бол») баш коргоо чарасын карады. Ал өлкөдөн чыкпоо талабы менен 15-июлда камактан бошотулган. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилей кетсек, 25-июнда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовду 31-июлга чейин УКМКнын абагында камакта калтыруу жөнүндө чечимин күчүндө калтырган.  Андан соң Пирматовдун жактоочусу шаардык сотко Биринчи май райондук сотунун чечиминин үстүнөн арызданып кайрылган.

Пирматов 31-майда Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) 2-бөлүгүндөгү кылмышка, тактап айтканда Кумтөрдөгү коррупцияга тиешеси бар деген шек менен кармалган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.