«Бета-Сторестеги» атышуу: Инандынын ишеничтүү адамы кыргыз жаранына ок чыгардыбы?

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Орхан Инандынын ишенимдүү адамы Бишкек шаарынын тургунуна аларды алдоого аракет кылгандыгы үчүн ок чыгарган деген маалымат тарап жатат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, кечээ, 21-июлда саат 14.00 чамасында Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан «Бета Сторес-2» имаратында белгисиз адам Орхан Инандынын ишенимдүү адамы менен жолуккан.

«Ал адам Инандынын үй-бүлөсүнөн Орхан Инанды менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү уюштургандыгы үчүн сыйлык алууга аракет кылган, ал тургай өзүн Орхан Инандымын деп атаган бирөөгө телефон чалган. Бирок ал таптакыр чочун адам болуп чыккан. Буга байланыштуу, эркектердин ортосундагы жаңжал чыккан. Алар көчөгө чыгып кетишкен жана Инандынын ишенимдүү адамы ок чыгарган «, — деп билдиришти маалымат булактары.

Жабырлануучу ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Бул иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында катталган.

Эскерте кетсек, «Сапат» түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 1-июнуна караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган атайын кызмат тарабынан кармалганын жарыялаган.

Булак: Kaktus.media

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.