Дастан Бекешев шайлоодо мыйзам бузууларын билдирген адамга 10 миң сом төлөп берүүнү сунуштады

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттин депутаттар менен болгон жолугушуусунда пикир алмашуу орун алып, ал айрыкча, шайлоо мыйзамдары жөнүндө болгонун өзүнүн Телеграмм каналында билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда эч кандай деле жашыруун маалыматтар болгон эмес. Депутаттар шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү, шайлоону кандай кылып өткөрүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын бергенин билдирди.

«Мен мындай сунуш бердим Ички иштер министрлигине же БШКга, добуш сатып алуу болуп жаткандыгын билдирген адамга тергөө аяктагандан кийин жана күнөөлүүлөрдү сот жообуна тарткандан кийин айып пулдун жарымын өткөрүп берүү керек. Ошондо гана шайлоочу, мыйзам бузууларды ачык айтканга кызыкдар болмок», — деп жазган депутат.

Ал сыйлык катары 10 миң сом төлөп берүүнү сунуштаган. Бул сунушту президент Садыр Жапаров жазып алганын кошумчалады.

Депутат белгилегендей, биз паракорчулукту жоймоюнча, таза шайлоо жөнүндө сөз кыла албайбыз. 11-июлда өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо дагы таза болгон эмес.

Мындан тышкары, эл өкүлү кечээги жолугушууда Садыр Жапаровго мактоо ырларын созуп берген айрым кесиптештерине боору ооругандыгын айтты.

Эске салсак, кечээ «Ала-Арча» резиденциясында Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолуккан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.