Бул мыйзам бийликтеги эки адамдын ортосундагы таасирди бөлүштүрүү үчүн гана жазылган,- Ж. Акаев

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 22- июлда Жогорку Кеңештин жыйынында «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатат.

«Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору президент менен УКМКнын төрагасынын ортосунда бийликти бөлүштүрүү, таасир талашуу максатында жазылган. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Бийликте азыр таасир талашуу болуп жатат. Мыйзам долбоору бийликтеги эки адамдын ортосундагы таасирди бөлүштүрүү үчүн гана жазылган. Бул мыйзам долбоорунда УКМК мындан ары каалаган кишисин камай албайт деп жазылган. «Баланчаев» баарып камап, таасири күчөп жатат, эми менин уруксатымсыз камай албайт деп. Акимдерге жана министрлерге иш козгоо үчүн, эми президенттин уруксаты керек болот. Акимдер-уурулар үчүн дагы президент кепил боло алабы? Мындай мыйзам Өзбекстанда дагы, Тажикстанда дагы жок. Балким, Түркмөнстанда гана бардыр», — деди депутат Акаев.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.