Бостериде апасы 2 баласын таштап кетип, өзү дайынсыз болууда

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Ысык-Көлдүн Бостери айылында келин эки баласын ижарага берилген бөлмөгө таштап өзү дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бостери айылынын тургуну милицияга кайрылып, анда 17-июль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында 25-30 жаштардагы келин эки баласы менен бир бөлмөнү ижарага алган. Эртеси саат 9:30 чамасында келин балдарын үйдүн ээсин карап турууну өтүнүп, өзү белгисиз тарапка кетип ошону менен кайтып келген эмес.

Кичине балдардын айтымында улуусунун аты Алинур, кичүүсүнүкү Акылбек. Алар 4 жана 2 жашта. Атасынын аты Жолдош апасынын аты Перизат. Кайда жашап жүрүшкөнүн билишпейт.

Кимде ким балдардын ата-энесин  жана туугандарын таанып билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0505 25 05 45, 0502 11 21 31, 0709 06 09 62, 0394 34 52 02 жана 102.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.