Бишкекте 18 жаштагы кызды бычактап өлтүргөн делип 43 жаштагы киши шектелүүдө

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

20-июлда Свердлов РИИБине Бишкектеги Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабатуу үйлөрдүн биринде аял киши бычактан жаракат алганы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жерине кызматкерлер барган. Кызматкерлер батирдин ичинен көкүрөк бөлүгү бычакталган  2003-жылы туулган кызды аныкташкан. Кыз ооруканага жеткирилген. Бирок алган жаракатынан көз жумган.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан секирген 1978-жылы туулган киши кылмышка шектелген. Ал буту сынып ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Сереп Медиа

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.