Баткендик 10 абитуриент Томскидеги университеттен бюджеттик негизде билим алышат

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Баткен облусунун 10 абитуриенти Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетине бюджеттик формада тапшыра алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

2021-жылдын июнь айында элчи Гүлнара-Клара Самат облус калкына колдоо көрсөтүү иш-чараларынын алкагында барган. Кийин элчилик тарабынан балдарга билим берүү маселеси иштелип чыккан.

«Баткендин 10 бүтүрүүчүсү Томскиден Кыргызстанда талап күч болгон инженердик-техникалык кесиптерге ээ боло алышат. Балдар бюджеттик формада окушат», — деп айтылат маалыматта.

 

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.