Балбан Имронбек Рахманов Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Кыргызстандык балбан Имронбек Рахманов Венгриянын Будапешт шаарында өткөн эркин күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу маалымат Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Рахманов 21-июль күнү 45 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн беттеште индиялык Кумар Шоурияны 6:0 эсебинде жеңип алды.

Рахманов бул чемпионатта жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач 20-июлда ирандык Хоссейн Сейфоллах Ахмадини 5:3, чейрек финалда румыниялык Валентин Баликаны 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалда орусиялык Алихан Ашиновго 6:0 эсебинде жеңилген.

Белгилей кетсек, 20-июлда башталган спорттук күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионаты 25-июлда аяктайт. 24-июлда грек-рим күрөшү боюнча беттештер башталат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.