Адил Турдукулов: Садыр Жапаров башка президенттерден элге жакындыгы менен айырмаланууда

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

-Адил, айрымдар Садыр Жапаровдун рейтинги көтөрүлүп жатат десе, айрымдары түшүп жатат деген ойду айтышууда. Сиздин оюңузча президенттин рейтинги кандай?

-Азыр ар кайсы жактан тобокелдиктер каптап жатат. Коронавирус, чек ара чатагы, кымбатчылык, кургакчылык, энергокризис, шайлоодогу чырлар, тышкы-ички карыз, насыячылар… Бул чакырыктарды туура кабыл алып, бийлик эффективдүү күрөшүшү керек. Туура ал үчүн бийлике, так айтканда жеке, персоналдык Садыр Жапаровго элдин ишеними болушу кажет. Азыр ал ишеним дагы деле бар. Бирок, эффективдүү башкаруу болбосо ишеним бат эле жок болот.

-Электр энергиясына тариф жогорулайт деп жатканда тариф көтөрүлбөй калганы эл үчүн жагымдуу жаңылык болдубу?

-Электр энергиясына болгон тариф саясий чечим болду. Анткени, электр энергиясынын баасы жогоруласа, кандайдыр бир толкундоолор болуп кетиши мүмкүн эле. Ага 2005-2010-жылдары күбө болгонбуз. Ошондуктан, президент тарифти жогорулатпоо чечимин кабыл алды. Бирок, бул чечим узакка кармалбайт. Анткени, бийлик бааны жогорулатууга аргасыз болот.
Бийлик энерго тармагындагы коррупцияны түп тамырынан жоюшу керек. Бийлик коррупция менен күрөш уланып жатканын, коррупционерлер жазасыз калбасын далилдеши керек. Эгер ушул нерсенин өтөөсүнө чыга алса, Садыр Жапаровдун рейтинги мындан дагы жогорулайт.

-Садыр Жапаров башка президенттерден эмнеси менен айырмаланып жатат?

-Садыр Жапаров башка президенттерден элге жакындыгы менен айырмаланып жатат. Тагыраагы, бийликке коюлган дооматтарга жооп берип жатат. Бул сапаты президенттин элге жакындыгын, ачыктыгын далилдейт. Ошондой эле акимдерди ротация кылганы да адилеттүү саясаттан кабар берет. Дагы баса белгилей турган артыкчылыгы сөз эркиндигине кысым кылбаганы болду. Эң негизгиси, “Кумтөргө” каршы чабуулу болду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.