5 адамдын өмүрүн алган кырсык: Айдоочулардын бири мас болгон

Бишкек, 22.07.2021 Sokol.media 

Ысык-Көлдүн жээгиндеги трассадагы үрөй учурган жол кырсыгында аял-күйөөсү болгон эки үй-бүлө каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан Sputnik агенттигине кабарлашты.

Буга чейин Чырпыкты айылындагы кара жолдо Mitsubishi Galant менен Lexus LХ-470 кагышканы туурасында кабарланган. Ал жерден беш киши мүрт кеткен. Каргашалуу окуя 21-июль күнү саат 21:30дар чамасында болгон.

«Кырсыкка ким күнөөлүү экендигин дайындалган экспертиза көрсөтөт. Дарыгерлердин биринчи кароосунда Lexus айдаган кишинин мас экени тастыкталган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Lexus Балыкчы тараптан Чолпон-Ата шаарын көздөй кетип бара жаткан», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жүргүнчүлөр ооруканага жаткырылып, учурда кырсыктын эмнеден болгону иликтенип жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.