Жогорку Кеңештин депутаттары эртең жыйынга чогулат

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Эртең, 22-июлда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт.

 Жыйналыштын күн тартиби:

1. Ар кандай маселелер

2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)

3. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)

4. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)

5. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)

6. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет)

7. «Зергерчилик чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)

8. «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет)

9. «Электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)

10. «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет)

11. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №4190-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.