Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Таңга маал Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы  билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-июль күнү саат 04:30да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Аркыт, Кызыл-Көл, Чат айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.