УКМК: Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Кыргызстандын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жана ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Нарын шаарынын аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жараны «Б.Т.Б.» 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталды.
«Б.Т.Б.» өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында, «майнинг-фермасынын» жайгашкан жерин, ошондой эле ал жердин үн изоляциясын жана желдетилишин жашыруу боюнча максаттуу иш-чараларды уюштурган.
Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.