Сузакта сел агызып кеткен 6 жашар кыздын жансыз денеси табылды

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел агызып кеткен 6 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштеринин натыйжасында кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары уланууда.

Эске салсак, кечээ, 20-июлда Сузак районунда саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Достук, Чаңгыр-Таш айылдарында кокту-колоттордон түшкѳн сел суулар турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак-Кара-Дарыя унаа жолун каптаган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.