«Сапары 10 мүнөт 18 секундага созулду». Дүйнөнүн эң бай адамы космосту багындырды

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Дүйнөнүн эң бай адамы аталган америкалык миллиардер Жефф Безос космоско учуп барып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал 20-июлда иниси Марк Безос, 82 жаштагы америкалык алгачкы аял авиаторлордун бири Уолли Фанк жана 18 жаштагы нидерландылык бизнесмендин уулу, студент Оливер Деймен менен космоско учуп барып келди.

Алар Blue Origin компаниясы жасап чыккан New Shepard кемеси менен учкан. Алардын сапары 10 мүнөт 18 секундага созулган.

Космоско саякаттап келгенден кийин Жефф Безос өзүнүн эмоциялары менен бөлүшүп «Мен негизги миссиям аткарылды, эч кимди тепкен жокмун», — деп тамашалаган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.