Салык кызматынын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media

Бүгүн, 21-июлда Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөө алышты. Ошондой эле аймактык салык органдарынын кызматкерлери эмдөөдөн өтүшөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

 

 Эмдөөнү No10 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери уюштурган. Эмдөөнүн алдында ар бир кызматкердин ден-соолугу текшерилген.

 

 Борбордук аппаратта жана бөлүмдүн аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмдөө кампаниясынын алкагында, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу максатында коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.