Садыр Жапаров бүгүн парламент депутаттары менен жолугушат

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 21-июлда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушат. Бул тууралуу АКИpress агенттиги жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, жолугушуу кечинде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жабык форматта өтөт.

Өздүк булактардын айтымында, жыйында конституциялык мыйзам долбоорлору, айрыкча парламент депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоору талкууланат.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.