Россиянын патриархы Ысык-Көлдө ур-токмокко алынган 9 жаштагы баланы Москвага чакырды

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Россия Федерациясынын патриархы Кирилл Ысык-Көл облусундагы окуу-машыгуу учурунда сабалган баланын үй-бүлөсүнө кат жөнөттү. Бул тууралуу маалымат Москва патриархатынын расмий сайтында жазылат.

Анда сабалган баланын үй-бүлөсү окуянын чоо-жайын коомчулукка ачык айтып беришкенден кийин Кыргызстанда жана Россияда чоң резонанс жаралганы айтылат.

«Эр жүрөктүүлүгүңдү көрсөтүп, теңтуштарыңдын шылдыңынан коркпой, өзүңө кымбат болгон диниңди коргодуң. Сенин кадамың, эрдигиң колдоого татыктуу. Россиядагы жана башка өлкөлөрдөгү миллиондогон бир туугандарың азыркы жеңил эмес учурда сени менен кошо кайгырып турушат. Сени жана үй-бүлөңдү Москвага келип, ыйык жерлерге барып, жаңы достор менен таанышып, динге бекем ишенип кетүүгө чакырам», — деп айтылат катта.

Белгилей кетсек, тогуз жашар бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда курдаштары тарабынан сабалган. Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча жабырлануучунун ден-соолугуна жеңил түрдөгү зыян келтирилген, натыйжада ден соолугу жабыркап, кыска мөөнөткө эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон. Кийинчерээк окуяны Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өз көзөмөлүнө алган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.