Панораманын аймагында аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Панорамадан аял киши секирип каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-июль күнү саат 06:56 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аял киши Көк-Жар айылындагы Панорамадан секиргени тууралуу маалымат келип түштөн. 

Тергөө-ыкчам тобу окуянын жерине барган учурда орус улутундагы 38-40 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Учурда жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө ыкчам аракеттери жүрүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.