Ошто асынып каза болгон келиндин сөөгүн мүрзөсүнөн кайра казып алышты

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Ош шаарында асынып алган келиндин күйөөсү аялынын сөөгүн көрдөн каздырып, экспертизадан өткөрдү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, келин 8-июлдан 9-июлга караган күнү асынып алган.

«Келин асынып алган. Анын артында 3 баласы калды. Алгач жансыз денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери болгон эмес. Бирок бир апта өткөндөн кийин жолдошу үйүндө чогулткан акчалары жок экенин, балким, кимдир-бирөө күч колдонуп аялынан акчаны алып кетиши мүмкүн деген пикирде аялынын сөөгүн каздырып, экспертизадан өткөрдү. Азырынча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Ал эми келиндин жолдошу Орусияда иштеп жүргөн», — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.