Олимпиаданын ачылышында К. Кубанычбекова Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгат

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media

 Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи 23-июлда болот.

 Каныкей Кубанычбекова Японияда ок атуу боюнча мелдештерге катышат.

Буга чейин Олимпиада оюндарына бара турган кыргыз спортчуларынын капитаны болуп грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков тандалган. Ага  министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов  Кыргызстандын желегин тапшырган.

Бирок Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Японияга 28-июлда барат. Ал эми Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи 23-июлга пландалган.

Учурда Японияда Кыргызстандын спортчуларынан Денис Петрашов (сууда сүзүү), Каныкей Кубанычбекова (мылтыктан ок атуу) жана Роман Петров (фехтование) бар.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.