Олимпиаданын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин башка спортчу көтөрүп чыгат

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Токиодогу Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин курама команданын капитаны эмес, башка спортчу көтөрмөй болду.

Буга чейин Олимпиада оюндарына бара турган кыргыз спортчуларынын капитаны болуп грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков тандалган. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандын желегин тапшырган.

Бирок Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Японияга 28-июлда барат. Ал эми Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи 23-июлга пландалган.

Учурда Японияда Кыргызстандын спортчуларынан Денис Петрашов (сууда сүзүү), Каныкей Кубанычбекова (мылтыктан ок атуужана Роман Петров (фехтование) бар.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу Олимпиада оюндарына жолдомо алган спортчулар Токиодо салтанаттуу ачылыш аземден баштап, Олимпиаданы расмий жабуу аземине чейин кала алышпайт. Спортчулар мелдешке аз калганда гана барып, беттештери жыйынтыкталгандан кийин дароо өз өлкөсүнө учуп кетиши керек.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.