Нью-Йорктогу сот «Кумтөргө» байланышкан камактан баш тартты

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Нью-Йорктун банкрот иштери боюнча судьясы 19-июлда «Kumtor Gold Co» компаниясы боюнча ишти карап, тыюу салуудан убактылуу баш тартты. Бул иш АКШнын Банкрот жөнүндөгү кодексинин 11-беренеси (реорганизация) менен каралган. Муну менен сот «Центерра» соттук тыюу салууну талап кылган арыз менен Кыргызстан кабардар болгон эмес деген чечим чыгарган. Бул тууралуу «Law360» басылмасы жазып чыкты.

«Кумтөр Голд Копани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк «Азаттыкка» билдирген маалыматка ылайык, Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча судья Лиза Г. Бекерман «Центтера Голддун» кызыкчылыгын коргогон «Sullivan & Cromwell LLP» юридикалык компаниясынын адвокаты Жеймс Бромлинин арызын караган. Анда адвокат Кумтөргө мыйзамсыз сырткы башкаруу киргизилгенин жүйө кылып, кендин мүлкүн жана эсептерин камакка алууну суранган.

Бөлтүрүктүн айтымында, ишти караган судья арызды канааттандыруудан убактылуу баш тартып, 17-августтагы сот отурумунда кароо чечимин кабыл алды.

Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» ишканасын банкрот деп таануу боюнча арыздар алгач Кыргызстандын аймагында каралышы керектигин кошумчалады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.