«Манас» аэропортунда 1 тоннадан ашуун унаа катализаторлорун Европага алып кетүүгө аракеттенгендер кармалды

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Автоунаалардын катализаторлорун мыйзамсыз чет өлкөгө чыгарып кетүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

18-июлда УКМКнын өкүлдөрү жана бажы кызматкерлери Бишкек шаарындагы «Манас» аэропортунан Европага унаа катализаторлорун мыйзамсыз алып кетүүгө аракеттенген жарандарды кармашкан. Европада катализаторлордон баалуу металлдар (платина, палладий, родий) алынмак. Колго түшкөн контрабанданын салмагы 1 тоннадан ашкан.

УКМК унааларды милдетүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү мыйзамы жокко чыгарылгандан кийин унаа оңдоочу жайларда катализаторлорду чечип алып, үчүнчү жакка сатып жиберишкен учурлар көбөйүп жатканын белгиледи.

«Катализаторлордо баалуу металлдар бар, аларды Европада сатып, олуттуу киреше тапса болот. Бирок катализатору жок унаалар айлана-чөйрөгө жана адам баласынын ден соолугуна коркунучтуу», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК учурда тиешелүү мамлекеттик органдар унаа катализаторлорун сатып алууга жана аларды чет өлкөгө ташууга тыюу салуу маселесин карап жатышканын кошумчалады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.