Максат айылындагы орто мектеп толугу менен калыбына келтирилди. Ал 1-сентябрда окуучуларды кабыл алууга даяр (сүрөт)

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов иш сапарынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Марипов Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган турак жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө талкаланган Максат айылындагы орто мектепке барды.
«Мектептин калыбына келтирүү иштери толугу менен бүттү. Мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр», — деп белгиледи Марипов.

Баткен облусуна сапарынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Лейлек районунун Кулунду жана Сада айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту.

Белгилей кетсек, Максат айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу жыйынтыкталуу алдында турат, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү, Максат айылындагы мектеп толугу менен калыбына келтирилген, ал эми 100 орунга эсептелген «Сейтек» балдар бакчасынын курулушу 70%га жыйынтыкталган.

Мындан тышкары, 10 турак жайдын курулушу жыйынтыкталып, 40 турак жайдын курулушу 70%га бүткөрүлгөн. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жалпысынан 83 турак-жай объекти курулмакчы.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.