Өлкөдө пневмонияга чалдыккандардын саны өсүп жатат

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Республикада пневмония оорусуна чалдыгуулар өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 24 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам маалыматына караганда, республика боюнча январь-июнь айларында 16 190 учур катталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 13 026 жарандан пневмония табылган.

«Нарын облусунда пневмонияга кабылгандардын саны 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл жана Бишкекте 1,6 эсеге көбөйгөн», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда Баткен (25,3 пайыз) жана Талас (20,1 пайыз) облустарында ооругандардын саны кыскарган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.