Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери өз ыктыярлары менен эмдөөдөн өтүштү

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери өз ыктыярлары менен коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Вакцинация коронавирус инфекциясынын жайылышын жана калктын оорусун азайтуу максатында жүргүзүлөт.

Алар Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмделишти.

Эске салсак, Бишкекке кытай вакцинасынын 1 млн. 250 миң дозасы жеткирилген.

«Өз убагында эмдөө оорунун өрчүшүнө тоскоол болуп, ден-соолугуңузду гана эмес, жакындарыңызды дагы сактап калат», — деп айтылат маалыматта.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.