Кант диабети менен ооругандар коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө болобу? Дарыгердин жообу

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Кант диабетинин 1 жана 2-тиби менен ооруган бейтаптарда башкаларга караганда коронавирус инфекциясынын кесепетинен жана оорунун күчөп кетишине байланыштуу стационарга жаткырылуу тобокелдиги абдан чоң. Бул тууралуу Эндокринологиялык борбордун директору Наталья Добрынина брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эмдөө тууралуу чечим дарыгердин чечими менен бейтапты текшергенден кийин (дене табы 37° болсо, эмдөө жүргүзүлбөйт), бейтаптын макулдугу менен колу коюлгандан кийин жүргүзүлөт.

«Кант диабетинин 1 жана 2-тиби менен ооруган бейтаптарда башкаларга караганда коронавирус инфекциясынын кесепетинен жана оорунун күчөп кетишине байланыштуу стационарга жаткырылуу тобокелдиги абдан чоң. Бул гипергликемия, иммуносупрессия, деструктивдүү альвеолиттин өнүгүү тобокелдигин күчөткөн, коагулопатия, уйку апноэсинин көбөйүшү жана башка факторлор менен байланыштуу», — деп билдирди Эндокринологиялык борбордун директору Добрынина.

Эмдөө жүргүзүү үчүн кант диабети менен ооругандардын артыкчылыктуу тобу:

Саламаттыкты сактоо жаатындагы дүйнөлүк эксперттер, кант диабетинин 1 жана 2-тиби менен жана башка сейрек кездешкен түрлөрү менен ооруган бейтаптарга, каршы көрсөтмөлөрдү жана эскертүүлөрдү эске алуу менен COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү керек деп белгилешет.

* кан тамырлары менен көйгөйү бар бейтаптарга;
* жүрөк кан-тамырлардын коморбид диагнозу бар бейтаптарга;
* 5-стадиядагы бөйрөк оорусу жана ага каршы терапия албаган бейтаптарга;
* диализдеги бейтаптарга;
* бөйрөгү трансплантация болгон бейтаптарга.

Кант диабети бар бейтаптарга эмдөөдөн өткөндөн кийин кандай терс белгилерге көңүл буруу керек.

Кеңири тараган терс белгилер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
инъекция жасалган жердин оорушу, шишиги жана кызарышы;
жалпы абал — чыйрыгуу, чарчоо жана баш оору.
Көп учурда аталган терс белгилер абалдын начарлашына алып келбейт.

Эмдөө алгандан кийин гликемияны өз алдынча көзөмөлдөө сунушталат жана керек болгон учурда колдонулуп жаткан инсулиндин дозасын коррекциялоо керек.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.