Долон айылынын 100 жылдык маракеси өткөрүлүп, медресе жана футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Түп районунун Арал айыл өкмөтүнө караштуу Долон айылында медресенин жана кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Чоркөзов Тurmush басылмасына билдирди.

Маалыматка караганда, Долон айылынын 100 жылдык мааракесине карата мечиттеги медресенин жана «Долон биримдиги» кичи футбол аянтчасынын ачылышы болду. Ага Долон айылынын жашоочулары жана сырттан келген коноктор катышты.

Айыл өкмөт башчысы салтанатты ачкандан кийин Түп районунун акими Каныбек Адиев, Түп районунда спорттун өнүгүшүнө салым кошкон райондун ардактуу атуулу Качкын Ашымканов, «Айылым Долон» китебинин авторлору, ардагер мугалим Мария Тынаева жана башкалар куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Кичи футболдун аянтынын кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилгенден соң кезек футбол оюнуна берилди. Район боюнча жалпы 12 команда кубок үчүн ат салышты.
Түп районунун акими К.Адиев кичи футбол аянтын ашар жолу менен баштап, жаштар жана айылдыктар арасында уюштуруучулук иштерди жүргүзүп, сапатту кичи футбол аянтын куруп, пайдаланууга өз убагында берүүдө кошкон салымдары үчүн Долон айылынын жаштар кеңешинин лидерлери М.Жумакадыров менен Р.Тынаевга Түп райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасын жана 4 жаранга ыраазычылык кат тапшырды.

2020-жылы жай мезгилинде башталган кичи футбол аянтчасы жалпы Долон айылынын тургундары жана жеке демөөрчүлөр тарабынан 1 388 950 сомго, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 924 300 сомго каржыланып, баары 2,700 миллион сомго бүткөрүлгөн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.