Чолпон-Атада «Көчмөндөр модасы -2021» аталышындагы эл аралык фестиваль өттү

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media

«WORLD NOMADS FASHION FESTIVAL. ISSYK-KUL 2021» көл жээгинде өткөн көчмөндөр модасы боюнча эл аралык фестиваль көп ийгиликтердин, жакшы иштердин жана кызматташуунун башаты болуп калды.

«Рух Ордо» борборунда ар кыл өлкөлөрдөн келген чыгармачыл адамдар – мода дизайнерлери ой-туюмунан, чебер колунан чыккан эмгектерин тартуулады. Алардын арасынан көчмөндөрдүн философиясын чагылдырып берген мыкты костюмдарды көрүүгө болот.

Кыргызстандан сырткары Казакстандан, Россиядан, Франциядан келген азыркынын уздарынын эмгектери көптөрдү кайдыгер калтырган жок. Модельерлер көчмөндөр дүйнөсүнүн рухун, духун берген жана азыркы заманбап учурдун кийимдерин айкалыштырып, мыкты ансамблдерди алып чыгышты. Фестивалга конок катары катышкандар нукура байыркынын элесин берип тигилген кийимдер аларды бир нече кылым мурдагы дүйнөгө жетелеп алып барып келгендей таасир бергендигин айтышты.

Булак:sputnik.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.