Бишкекте акимчиликтер жамаат менен вакцина алууга жардам берет

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Бишкектеги ишканалар кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү үчүн акимчиликтерге кайрылса болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин уюштурулган эмдөөдөн район жетекчилери баш болуп, төмөндөгү мекемелер өттү:

Соода борборлордун биринде уюштурулган эмдөөдөн 50дөн ашык кызматкер өтүп, алардын катарында Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев дагы болду;

Свердлов районунун жетекчиси Бахтияр Карымшаков, акимчиликтин кызматерлери, кварталдык комитет төрагалары дагы коронавируска каршы эмделишти;

Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов менен бирге акимчилик кызматкерлери гана эмес, мектеп мугалимдери дагы вакцина алышты;

Биринчи май районунун жетекчилиги менен акимчилик кызматкерлери эмдөөдөн өтүп, эми жаңы конуштардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат;

«Бишкек жылуулук энерго» мекемесинин инженер, слесарь, оператор, контролерлору жамааты менен эмделишти;

Бишкек троллейбус башкармалыгынын 46 кызматкери вируска каршы вакцина алышты.

Кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү каалаган мекемелер акимчиликтерге каалоочулардын тизмеси менен кайрылуусу керек.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.