«Бир аз да болсо өзүнө келүүсүнө жардам бердим».Токтайым Уметалиева жыйын учурунда министрге эмнеге массаж жасап бергенин түшүндүрдү

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media 

Бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти каралды.

Жыйын учурунда укук коргоочу Токтайым Уметалиеванын юстиция министри Асель Чыныбаевага массаж жасап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган.

Бул окуяны Токтайым Уметалиева төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди:

«Асель Чыныбаева жакын арада эле пневмония болуп анын кесепеттери менен дагы да болсо күрөшүп жатат Жыйын. учурунда бет кап кийип отургандыктан анын деми кысылып, жөтөлө баштады. Мындан улам жардам берүү максатында ага массаж жасап берип бир аз да болсо өзүнө келүүсүнө жардам бердим», — деп билдирди Уметалиева.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.