Бакыт Болгонбаев: Түндүктүн жерде болушу кыргыз улутунун жашоо образына, түшүнүгүнө карама-каршы келет. Түндүктү көтөрүү менен катар күмбөз оңдолуп-түзөлүп калганы жакшы көрүнүш

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media

Искусство изилдөөчү Бакыт Болгонбаев:
Түндүктүн жерде болушу кыргыз улутунун жашоо образына, түшүнүгүнө карама-каршы келет. Болгонбаев түндүктү көтөрүү менен катар күмбөз оңдолуп-түзөлүп калганы жакшы көрүнүш деп билдирди:

“Кыргызда “түндүгүң түшкүр” деген сөз бар эмеспи. Бул жөн эле айтылып калган сөз эмес экенин билебиз. Биздин турмуштук философиябызга, ой-жорумубузга карасак, түндүктүн жерде жатканы жаман көрүнүш. Боз үйдүн жасалышын эле мисалга алсак, буга жооп болот. Түндүк кайсы учурда жерге түшөт? Калкты толук душман чапканда түшөт.

Илгертен элибиз түндүктү бийикте кармап, бийик көрүп келген. Мына ошондуктан коомчулукта буга чейин мемориалдык комплекстеги түндүктөр кайчы пикир жаратып келе берген. Мындай нерселерде негизи ката кетирбөө керек, кайра-кайра оңдоло бергени осол иш”.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.