Аскар Айтматов көрүстөндөгү түндүк жерге ыргытылгандыгын айтып чыкты

Бишкек, 21.07.2021 Sokol.media

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги көрүстөнүнө коюлган түндүк комплекстин жанындагы жерде жатат. Бул маалыматты Ассоль Молдокматова Аскар Айтматовго шилтеме берүү менен социалдык тармактарга жарыялады. 

Улуу жазуучунун уулу Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык комплексинин архитектуралык долбоорунун автору Улан Бейшеналиевдин айткандарына комментарий берди.

«Түндүктү көтөрүү талабы менен көптөгөн кайрылуулар болду деп жатасыз. Комплекс ачылгандан бери, сегиз жылдын ичинде мен коом тарабынан мындай талаптарды уга элек болчумун. Түндүк жерде жаткан эмес. Ал бийиктиги жарым метрден кем эмес мраморго орнотулган. Түндүк ыргытылган жок, көрдөн алып, ротонго илип койду деп жалган айтып жатасыз. Көрүстөндөгү түндүк комплекстин жанындагы жерге ыргытылды»,- деп билдирген  Аскар Айтматов.

Эске салсак, буга чейин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Ата-Бейиттеги көрүстөнүндөгү түндүктү белгисиз адамдар алып салышкандыгы тууралуу билдирүүлөр тараган. Бул боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында, “Түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу ниетинде түндүк алып салынган» деп жооп берген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.