Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдат Амреев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Бишкек, 20.07.2021 Sokol.media

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдат Амреев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Алла Таалага болгон урматыбызды билдирген бул майрам, дүйнөнүн төрт тарабындагы мусулмандардын жана анын ичинде түркий элдердин ортосундагы тилектештикти, биримдикти жана бир туугандык сезимдерди күчөтүп, Түрк жана Ислам дүйнөсүнө бакыт жана тынчтык алып келсин, элдерибиздин ынтымагына салым кошсун деп Алла тааладан суранам.

Учурдан пайдаланып, Сиздин Түрк дүйнөсүнө, Түрк Кеңешине көрсөтүп жаткан колдооңуз үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул майрам ар дайым эл-жерибизге, кыргыз бир туугандарыбызга жакшылыктарды ыроолосун, ар дайым асманыбыз ачык болуп, жергебизде тынчтык жана бакубаттуулук өкүм сүрсүн”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.