Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Бишкек, 20.07.2021 Sokol.media 

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Баарыбыздын башыбызды бириктирген бул ыйык майрам кыйын мезгилде дартыбызга даба болуп, бейкуттук алып келүүсүн каалоо менен өлкөмдүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздин саламаттыгыңызды жана бейкуттугуңузду, ошондой эле боордош кыргыз элинин бакубатчылыгын, амандыгын жана тынчтыгын жараткан Алладан тилейм», — деп айтылат Түркия Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.