Палестина Президенти Махмуд Аббас Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Бишкек, 20.07.2021 Sokol.media

Палестина Мамлекетинин Президенти, Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун Аткаруу комитетинин төрагасы Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Палестина Мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Кыргыз Республикасынын элин Курман айт майрамы (Эйд Аль-Адха) менен чын жүрөктөн куттуктоо мен үчүн чоң кубаныч.

Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо, элиңизге жана өлкөңүзгө тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалайбыз. Биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана каалоо-тилектерибизди кабыл алыңыз», — деп айтылат Палестина Президентинин куттуктоо телеграммасында.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.