Кувейттин мураскор ханзаадасы Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

Бишкек, 20.07.2021 Sokol.media

Кувейт Мамлекетинин мураскор ханзаадасы Мишал аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сабах Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Берекелүү Курман айт майрамын жалпы ислам дүйнөсү белгилеп жатканда, чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыз. Жараткан Аллах Тааладан бул майрам боордош Кыргыз Республикасына жана анын элине гүлдөп-өнүгүү, ал эми мусулман үммөттөрүнө тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык алып келүүсүн суранам», — деп айтылат куттуктоодо.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.