Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Бишкек, 20.07.2021 Sokol.media 

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Бүтүндөй Ислам дүйнөсүнүн улуу майрамы болгон, кең пейилдүүлүккө жана мээримдүүлүккө, жаратмандык менен жакшылыкка толгон ыйык Курман айт майрамы биздин өлкөлөрдүн руханий баалуулуктарын, достугун жана кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем», — деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго бакыт-таалай, ийгилик жана жоопкерчиликтүү ишине жетишкендиктерди, ал эми боордош Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү жана бакубат жашоо каалады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.