Иран Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Бишкек, 20.07.2021 Sokol.media

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Сиздерди Жараткан Аллах Таалага моюн сунуунун жана баш ийүүнүн күнү болгон Курман айт майрамынын кирип келиши менен чын дилимден куттуктайм. Курман айт майрамы дүйнө жыргалчылыктарын курмандыкка чалуунун, каалоолорду тыюунун, Жараткан Аллах Таала жолунда таза ишенимде болуунун мезгилин билдирет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Хасан Рухани Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.