Египет Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Бишкек, 20.07.2021 Sokol.media

Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль-Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Курман айт майрамына байланыштуу Сизге жана элиңизге чын жүрөктөн чыккан саламымды жана жакшы каалоо-тилектеримди билдире кетейин. Мындай руханий иш-чара бардык мусулмандарды биргелешип иш алып барууга жана мусулман жамаатынын жаркын келечекке болгон үмүт-тилектерин ишке ашыруу үчүн чын ыкластан аракет кылууга түрткү берген бийик диний баалуулуктарды карманууга чыныгы негиз болуп саналат. Курман айт майрамы бүткүл дүйнө жүзүндө белгилеп жаткандарга сүйүнүч алып келип, Жараткан Аллах Таала баарына бакубатчылык, өнүгүп-өсүү жанна ийгиликтерди берсин деп тилейм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.