Турсунбай Бакир уулу: «Талибандарды биздин жерибиз кызыктырбайт»

«Талибандарды биздин жерибиз кызыктырбайт», — деди бүгүн, 12-июлда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.

— Турсунбай агай, Ооганстандагы талибдер Орто Азияга кол салат, Баткен окуясы кайталанат деген кооптуу пикирлер арбын айтылып баштады. Талибдер деген ким? Алар кандай иштер менен алек болушат?

— Талиб деп медресенин окуучусун айтат. СССР 1989-жылы Ооганстандан чыгып кеткенде биримдиги жок можахеддер бийлик талаша башташат. Аларды сын-пикирге алган талибдер элдин ишенимине бат эле кирип алышат. «Талибан» кыймылы пуштун элинде 1994-жылы жаралган. Ал бат эле Ооганстандын түштүгүн ээлеп алат. 1995-жылы расмий бийликке жихад жарыялап, 1996-жылы Кабулду оңой эле басып алышат.

Ошентип Талибан өзүн Ооганстан өкмөтүнө оппозиция жарыялап, Түндүк Альянс болушат. Аны өлкөнүн расмий президенти Бурхануддин Раббани, тажик кучтордун башчысы Ахмад Шах Масуд жана озбек күчтөрдүн башчысы генерал Абдул-Рашид Дустум жетектеген.

2001-жылы АКШ Усама бен Ладенди сураганда талибдер аны берүүдөн баш тартышат. Америка бомбалап, өзүнүн жана НАТОнун блогунун аскерлерин Ооганстанга киргизип, Талибанды бийликтен четтетет. Мына эми АКШ жана анын аскерий шериктери Ооганстандан кете баштаганда Талибан өлкөнүн көп жерин өзүнө баш ийдирип алды жана Түркмөнстан, Тажикстан менен өзбекстандын чек араларына чыкты. Эми мурдагы советтик өлкөлөрдүн жетекчилери сарсана болуп жатышат.

— Талибандын негизги максаты эмне?

— Талибандан Борбордук Азиянын өлкөлөрү чочубоосу зарыл. Айтайын дегеним, аларды биздин жерибиз кызыктырбайт. Азыр алардын негизги максаты — Америка коюп кеткен марионеттик (жип менен тартып туруучу куурчактарды ошентип аташат) бийликтен өлкөнү тазалоо, өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдөө, мамлекеттик башкаруу жана экономикалык системаларды жөнгө салуу. Муну талибандын жетекчилери менен 1999-жылы Баткен согушун токтотуу, өзбек можахеддерди Кыргызстандан чыгарып салуу жана алардын туткунунан генерал баш болгон кыргыз жоокерлерди жана жапон жарандарды бошотуу үчүн Кабул шаарында 10 күн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн адам катары айтып жатамын.

Булак: NazarNews.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.