Президент Кыргызстандын жарандыгын алуу тартибин жеңилдеткен жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгын алуу тартибин жөнөкөйлөтүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Ага ылайык,

чет өлкөдөн же СССРдин учурунда алган паспортунун, кайрылман күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү бүтүп калгандар,
туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, жоголуп кеткен же жарактан чыккандар,
18 жашка чыгып, бирок ар кандай себептерден улам Кыргызстандын жарандыгын ала электер,
Кыргызстанда төрөлүп, ата-энеси жарандык алганга чейин эрезеге жеткендерге Кыргызстандын жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилет.
Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин маалыматына караганда, өлкөдө беш миңдей этникалык кыргыздар ким экенин аныктаган документи жок жүрөт. Ушундан улам алар укуктук макамга ээ боло албай, медициналык тейлөө, социалдык жеңилдиктерден кыйналып келишет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.