Эмомали Рахмон Азербайжандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бишкек, 12.07.2021 Sokol.media

Бүгүн, 12-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевге чалды. Бул тууралуу Азербайжандын басылмалары жазып чыгышты.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тажик-азербайжан мамилелери, соода-экономикалык байланыштар талкууланды.

Тараптар бүгүнкү күндөгү Афганистандагы аскердик-саясий абалга өзгөчө көңүл бурушту. Эмомали Рахмон Азербайжандын президентине тажик-афган чек арасындагы кооптуу абал боюнча маалымат берип, КМШнын түштүк тарабында абал курчуп кеткенин белгиледи.

Ошондой эле Рахмон Азербайжандын президентин Тажикстанга чакырды. Алиевдин расмий иш сапарын эки өлкөнүн дипломаттары талкуулашат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.