Азимбек Бекназаров:«Ташиевге биз сындыра албаган коррупцияны сындырып жатканы үчүн терең ыраазычылык билдирем»

«Ташиевге биз сындыра албаган коррупцияны сындырып жатканы үчүн терең ыраазычылык билдирем», — деди бүгүн, 12-июлда NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

— Азимбек Анаркулович, сизди «Кыргызстанга бир ай мурда эмгек отпускасына келип кетти, жөн жүрбөй бийлик өкүлдөрү, саясатчылар менен көп жолугушууларды өткөрдү» — деген сөздөр бар. Сиз алар менен жөн эле сүйлөшпөсөңүз керек? Жашыруун болбосо эмне жөнүндө сүйлөшүүлөр болду? Отпускадан кийинки маанайыңыз кандай? Кыргызстан жана кыргыз элинин азыркы абалы боюнча кандай ойдо кеттиңиз?

— Ооба, бир айдан ашык мезгил Кыргызстанда эмгек өргүүсүндө болдум. Көпчүлүк убактым, адамдык милдетимди аткарып, бир жарым жыл ичинде көзү өткөн жакын тууган, жолдошторго, алардын жакындарына куран окутуу, көңүл айтуу менен өттү. Айрым саясатчыларга, бийлик өкүлдөрүнө жолукканым чын. Алар менен жолугушуунун статусуна жана максатына жараша сөздөр болду. Малайзияга негизинен жакшы маанай менен кеттим.

— Эмне үчүн жакшы маанай? Кыргызстандагы айрым маселелер боюнча нааразычылыктар көп айтылып, күндө митинг болуп жатпайбы? Баалардын кымбатташы, таажы тумоосу анын кесепети демекчи…

— Аларды да көрдүм, кантип көрбөйүн, ошон үчүн негизинен дебедимби! Таажы тумоосунун азабы, ага кошулуп кургакчылык, чек ара, аларга байланыштуу баалардын кымбатташы, бул бир эле бизде Кыргызстанда эмес, азыр бүткүл адамзатка түшкөн балээ болуп жатат. Бул балээден арылуунун, каршы туруунун жолун издөө, тандоо, табуу ар бир мамлекеттин, анын бийлик башчыларынын, элинин жоопкерчиликтүү аракеттерине жараша ишке ашырылуучу иш чара. Мисалы, таажы тумоосуна каршы туруу иш чараларын улантуу, жок дегенде беткап тагынуу, контакт болчу аш, той, куран окутуу жана башкаларын чектөө, социалдык-медициналык эрежелерди кармануу Кыргызстанда Малайзияга салыштырмалуу жокко эсе экени көрүнүп турат. Бийлик дагы, элибиз дагы эмнеси болсо, ошол болсун дегендей тобокелге салып тагдырга баш сунгандай, бул көңүл чөктүрчү көрүнүш болду, Кудай сактанганды гана сактайт!

— Маанайыңыз эмнеден көтөрүлдү?

— Айрым бийлик өкүлдөрү менен жолукканда болгон жана болуп жаткан саясый реформалар, чек ара, кен-байлыктардагы, тергөө иштериндеги айрым маселелер боюнча ой бөлүштүк. Азыркы бийликтин кемчилиги, кетирген каталарына караганда, үмүт артып маанай көтөрчү баштаган көп иштеринин жыйынтыгы көрүнө баштады. Конституциялык реформа негизинен аяктап баратат, болгону мыйзамдарды Конституцияга дал келтирип, анан мыйзамдарды так аткаруу калды.

Саясий коррупциянын булагы болгон шайлоо системасын толук сындыра албасак да 35 бир мандаттуу шайлоо округунан 35 чыныгы нукура элдик депутат келе турган болуп жатат. Бул деген парламентте корпоративдик кызыкчылыкты көздөгөн партдепутаттарга каршы турган эл депутаттары пайда болот дегенди түшүндүрөт.

Мени сүйүндүргөнү кылымдын коррупциясы болгон Кумтөр алтын кени боюнча 29 жылдан бери жашап келген кылмышка чекит коюлуп жатканы болду. Ал тууралуу УКМКнын төрагасы К.Ташиев өзү да журналистерге кенен маалымат бербедиби! Кумтөр алтын кени боюнча 29 жыл жашаган коррупцияга чекит эле коюлбай, аны жасаган кылмышкерлердин аттары да толук расмий аталганы, башында С.Жапаров турган бүгүнкү бийликке абийир болуп элдин ишеними дагы артты деп ойлойм. Кыргыз элин, Кумтөр коррупциясын жеңиши менен куттуктайм! Элдин байлыгы болгон Кумтөр үчүн күрөш 1992- жылы башталып, нечен президенттер менен парламенттин, саясатчылардын ортосундагы күрөшкө айланып келген,эки элдик ыңкылаптардын (март 2005-ж. апрель 2010-ж.) башкы талабы болгон, нечендеген кылмыш иштер козголгон. Депутаттар жана эл тарабынан элдик демилге менен нечендеген мыйзамдар жазылган, Кумтөрдү көтөрүшкөн нечендеген саясатчылар куугунтукталган жана камалышкан. Бирок, ага карабай Кумтөр чет элдиктер үчүн казылып, азыр кылмыш жообуна тартылып жаткан президенттердин, алардын жакындарынын бекем коргоосунда болуп келгени коомчулук үчүн жаңылык эмес дечи. Ошентсе да учурдан пайдаланып, Кумтөр үчүн ондогон жылдар бою нечендеген президенттер менен күрөшүп келген инсандардын бири катары, мени колдоп убагында кылмыш иш козгоп (2005-ж. апрель) тергөө жүргүзүшкөн мурдагы коллегаларымдын, элдик демилге менен Кумтөрдү денонсация кылуу мыйзам долбоорун жазып, кол топтошкон мекенчил үзөнгүлөштөрүмдүн (2013 жана 2019-ж.) атынан азыр Кумтөр коррупциясын сындырып жатышкан УКМКнын тергөөчүлөрүнө, анын башчысы генерал К. Ташиевге биз сындыра албаган коррупцияны сындырып жатканы үчүн терең ыраазычылык билдирем. Албетте, коррупцияга каршы күрөштө солдаттарын коргоп, колдоп, дух берип жаткан президентибиз Садыр Нургожоевичке мекенчилдик, улуттук багыттан тайбоону каалайм! Ушундай ары оор, ары жооптуу, эл аралык деңгээлде чыр боло турган маселеге элибиздин кызыкчылыгы үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алып, тобокелчиликке баруу эрдиктин эрдиги. Ушуларды угуп, көрүп туруп, анан кантип маанай көтөрүлбөсүн! Биздин көп жылдык күрөшүбүз бекер кетбептир да.

— Сиздер эмне үчүн убагында Кумтөр мафиясын сындыра албадыңар эле?

— Мен бекеринен президентибиз С. Жапаровду коррупцияга каршы согуштагы командирге теңебедим да. Эгерде 2005-жылкы март революциясынан кийин Кумтөргө жана 2 тонна чыгарылып кеткен алтынга байланыштуу козголгон үч кылмыш иши аягына чыгарылганда, жок дегенде 2005-жылдан берки казылып чыгарылып кеткен алтындар, экологиялык зыяндар балким азыр болбойт эле.

Ошондо бийликке келген К. Бакиев март ыңкылабынын талабын аткарып,бизди тергөө органдарын азыркы С. Жапаровго окшоп колдогон жок. Уулу Максимди колдоп, тескерисинче мени кызматтан кетирип, эртеси Кумтөр боюнча козголгон бардык кылмыш иштер токтотулган. Анысы аз келгенсип, 2009-жылкы келишимдин шарты боюнча кылмыш иштер эле эмес, соттордогу бардык доо арыздар да алынган. Азыр 2005-жылдан берки зыян Бакиевдин жана андан берки президенттердин мойнуна туура коюлуп жатат.

— К.Ташиев азыркы тергөө органдары тарабынан айрым чиновниктердин үстүнөн кылмыш иштер, эскирүү мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу кыскартылып жатканын айтты. Сиз кайсы бир кайрылууңузда жаздыныз эле, Кумтөр боюнча эскирүү мөөнөтү бүтө элек» — деп. Кимиңердики туура?

— Ооба мен да уктум ал айтты: «Айрым чиновниктердин үстүнөн айыптоо кыскартылышы мүмкүн, алар тергөө менен кызматташып жатат жана күнөөлөрүн мойнуна алышты, эскируу мөөнөтү менен иш кыскартылышы мүмкүн» — дегендей. Мен болсо ар дайым айтып келгем; «Кумтөр коррупциясы боюнча эскирүү мөөнөтү буто элек, себеби Акаев менен Б. Бирштейн 1992-жылы баштаган кылмыш бүтө элек, улам кийинки президенттер аны улантып жүрөсүңөр» — деп.

Кумтөр боюнча 1990-жылдардын башында ошондогу президент Акаев чет элдин жараны Б.Бирштейнге өзүнүн мыйзамсыз жарлыгы менен Сиебеко-Кыргызстан комитетин түзүп, ага бүткүл кен- байлыктардын тагдырын, анын ичинде Кумтөрдүн да тагдырын чечүүнү жеке Бирштейнге тапшырганда башталган. Кыргыз Өкмөтү кен-байлыктар маселесинде толук Б.Бирштейнге баш ийишкен. Ошол кылмыш 2021-жылдын май айында, азыркы бийлик Центерраны Кумтөрдөн чыгарып, Убактылуу башкаруу киргизгенде гана токтоду.

Мындайча айтканда, мыйзамсыз, коррупциялык схемалар менен чет элдиктерге берилген Кумтөр алтын кени, быйыл гана май айында мыйзамдуу өз ээсине кайра кайтарылды. Демек, эскирүү мөөнөтү 2021-жылдын май айынан башталат. Ал эми мыйзам боюнча Кумтөргө байланыштуу жасалган кылмыш улантылып жүргөн (длиющийся) кылмышка кирет. Бирок, тергөө, сот органдары ар бир жоопко тартылган адамдын аракеттерине, анын ичинде кылмыштуу аракеттерди качан жасаган, качан токтоткон, ошонун баарын эске алуу менен эскирүү мөөнөтүн колдонууга укуктуу. Генерал иним ошону айтты.

— Жакында мамлекеттик катчы кызматка сиздин досуңуз Чолпонбек Абыкеев дайындалганын билесиз. Коомчулукта ал боюнча түрдүү пикирлер жаралды. Дегеле Садыр Жапаровдун кадр саясатына көз карашыңыз кандай?

— Менин жеке пикиримде Чолпонбекти президентибиз туура тандаган. Мага айткылачы Чолпонбекке окшоп, улуттук маселеде туруктуу жүргөн ким бар? Мамкатчынын негизги иши улуттук идеологияны ишке ашыруу. Акыркы 30 жылда кыргыз улуту, советтик идеологиядан арылып, бир бүтүн улут, эгемендүү мамлекеттин ээси катары өзгөрүлө алган жок. Акаевдик батыштан алып келген либералдык идеологиясынан, элибиз бир бүтүн улут катары алга өнүгүүдөн өз жолун тапкан жок, адашып калдык… Жан дүйнөсү бош, алган билими орус менен батыштыкы, улутчул болгондон коркобуз.

Эми түрктөр менен арабдар да окута баштады кантип жашоону. Же мусулман же капыр эмеспиз, эч нерсеге, эч кимге ишенбейбиз. Кудайдан да, мыйзамдан да коркпойбуз эч кимге баш ийгибиз да келбейт… Намыс деген жоголду. Кыргыз болуп төрөлүп, орус болуп жашап, арабча өлгөн «принцибибизди» мамкатчы оңдошу керек! Ата-бабаларыбыз намысты туу тутуп, ынтымакта гана адамча жашоону, саткындык кылбоону, калп айтпоону, эл жер үчүн жан берүүнү мурас кылып, муундан муунгө өткөрүп келген.

Биз Манас эпосундай алпты жаратып, сактап келген эл, төрт сөз чындыкты көтөрө албай, же айткан сөзгө жооп бере албай бири-бирибиз менен душман болуп жүрөбүз. Чолпонбекти көп жылдан бери жакындан билем. Эгерде президент колдой турган болсо, кыргыздын жан дүйнөсүн жакшы жакка бура турган иш жүргүзө алат. Чолпонбек Абыкеевдин мамкатчы катары биринчи иши эгемендүүлүктүн 30 жылдык маарекесине карата, жаңы Конституциянын талабына ылайык бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын башын бириктирген курултай уюштуруп, өзүн көрсөтүшү керек

Окуп жатам, анын Бакиевдердин заманында, мамкатчынын визасы менен Кароол чокуну каздырганын жазып чыгышты. Бизде кайсы бир адам кызматка барса эле, анын жаман жагын издемей адатка айланды. Ал эми жакшы жагычы? Аны эмнеге айткыбыз, көргүбүз келбейт… Президенттин бир топ кадрлары өз ишин камчы салдырбай аткарып жатат.

Мисалы Башкы прокурор Зулушев мыкты, позициясы бар юрист экенин, судья кезинде эле далилдесе, депутат кезинде да укукчул саясатчы катары өзүн көрсөтө алды. Азыр башкы прокурор катары ондой мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирип, парламенттен алып өтүп жатканы, башкаларга үлгү болорлук саамалык. Атамбаевдин чөнтөк тергөөчүлөрү АКС жоюлду, укук коргоо системасындагы бузулган бир топ маселелер ордуна келип жатат…

Ички иштер министри да чыныгы милиция кызматкери, талаадан келген жок… Октябрь төңкөрүшүнөн кийин кокустан келгендер, өздөрүн «оң жагынан көрсөтүшүп» четинен тазаланып жатат…Кадр маселеси бизде кыргыздарда ар дайым талаштуу болуп келген, дагы да кала берет. Президент адашпоо керек.

Булак: NazarNews.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.