Видео- «Жеңил конструкция менен 140 үй жана 36сы кыш менен тургузулат». Баткенде кандай объектилер курулуп жатканы айтылды

Бишкек, 06.07.2021 Sokol.media

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусундагы 140 үй жеңил конструкция жана 36сы кыш менен тургузулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда «Баткен облусун калыбына келтирүү — соцобъектилер, компенсация, жолдор» аталышындагы брифингге катышты.

Жунушалиев курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты бардык талаптарга дал келерин айтты.

«Курулуш башталгандан бери эле дубалдарынан жарака кетип жатат деген сыяктуу видеолор чыгып ЖМКларда талкууланууда. Мындай билдирүүдөн кийин фундаментин текшерүү үчүн Баткенге эксперттерди жөнөткөнбүз. Алар эч кандай мүчүлүштүк болбогону туурасында корутунду чыгарып берди. «Жарака» дегени бетондун сыртындагы цемент кургап ошондой көрүнүп калган. Материалдардын сапаты көзөмөл кызматтары тарабынан жетиштүү деңгээлде бааланып жатат. СИП-панелдер башка өлкөлөрдө да колдонулуп келет», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Анын айтымында, турак жайларды жеңил конструкция менен куруу тургундарды өз убагында жайгаштырууга болот.

«Бүгүнкү күндө жеңил конструкция менен 140 үй курулуп жатат. Башында 136 турак жай пландалган, кийин Лейлек районунан дагы төртөө кошулду. Ал эми каза болгон 36 адамдын үй-бүлөсүнө арналган турак жай кыш менен тургузулууда. Мындан сырткары, үйлөрүнө канализация жана таза суу киргизүү биринчи кезекте аткарылуучу тапшырма. Бул өлкө жетекчилигинин негизги талаптарынын бири», — деди Жунушалиев.

Ошондой эле ал социалдык объектилерди, турак жайларды калыбына келтирүү жана компенсация төлөө иштери президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жеке көзөмөлүндө экенин айтты. Бул тууралуу маалымат аларга күн сайын жеткирилип турат.

Ошону менен бирге мамлекеттин эсебинен беш мектеп (экөө капиталдык ремонт, үчөө жаңыдан курулат), эки бала бакча жана бир фельдшердик-акушерлик пункт (ФАП) салынары пландалган. Мындан сырткары, демөөрчүлөр тарабынан Максат айылына эки ФАП жана бир бала бакча курулуп жатат. Жунушалиев демөөрчүлөргө жана курулуш компанияларына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, жакында эле Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында өкмөт башчы Улукбек Марипов бардык курулуш иштерин 1-сентябрга чейин бүткөрүүнү тапшырган. Жунушалиевдин айтымында, учурда бардык иштер пландан артта калбай жүрүп жатат.

https://youtu.be/00kEweeyHdc?t=3

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.