Текебаев: «Түркиянын атайын кызматынын Кыргызстандын жаранын уурдап кеткендиги — мамлекеттин кызыкчылыгына кол салганга тете»

Бишкек, 06.07.2021 Sokol.media

5-июль күнү Түркиянын президенти Режеп Эрдоган «Түрк чалгындоо кызматтарынын атайын ийгиликтүү операциясынын жыйынтыгы менен Орхан Инанды Түркиянын территориясына алып келинди» деп жар салган. Орхан Инанды Кыргызстандын жараны. Ал Кыргызстандын Билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан, биздин мекендешибиз. Мындай пикирин мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Кыргызстандын суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир кыргыз жараны ошондой кол тийгис болушу керек. Анткени Кыргызстандын жарандарынан Кыргыз эли түптөлөт.

«Кыргыз эли — мамлекеттин негизи. Ошондуктан, Кыргызстандын Конституциясынын бардык редакциясында «мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун коргойт жана Кыргыз жарандарын чет элге эч убакта бербейт» деген кепилдик бар. Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын территориясында эркин жүрүп, Кыргызстандын жаранын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет. Суверенитет четинен кертилип, сатылбаш керек»,— деп жазды ал.

«Биз тараптан күнөөлүү адамдар болсо, алар аныкталып, алардын аракеттерине юридикалык баа берилилиши абзел! Эртең ар бирибиздин башыбызга ушундай кара түн түшсө, мамлекетибиз бизди таштап койбой турганына ишенгендей болушубуз керек»,- деп жазылат экс-депутаттын билдирүүсүндө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.